Бишкек шаарында бала сатууга шектелген дагы бир жаран камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Карима Аманкулова билдирди.
"Буга чейин бала сатууга шектелип 4 адам камакка алынган. Аларга "адам сатуу", "жасалма документ жасоо", "мыйзамсыз аборт жасоо" беренелери менен кылмыш иштери козголгон. Учурда бул кылмышка тиешеси бар дагы бир медицина кызматкери камакка алынды. Учурда бул окуя боюнча тергөө амалдары аягына чыга элек", - деп билдирди Аманкулова.
Буга чейин бала сатууга шектелип кармалгандар - №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинекологу, №18-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 2 гинекологу, дагы экөө Бишкектеги төрөт үйлөрдүн биринин кызматкерлери экени айтылган. Буга чейин бала сатууга шектелип кармалган 4 гинеколог соттун чечими менен №1-СИЗОго 2 айга камакка алынганы маалым.
Эске салсак, милиция кызматкерлери тарабынан 7-сентябрь күнү Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинекологдору бала сатууга шектелип кармалган.