Австралияда дүкөндөрдө сатылган кулпунайлардын ичинен ийне табылды

Австралиядагы азык-түлүк саткан дүкөндөрдөн кулпунайлардын ичинен ийне чыгып, сатыктан алынды. Батыш маалымат булактарынын жазганына ылайык, кулпунайлардын сатыктан алынганына бир апта болгон.

Белгилүү болгондой, Квинсленд штатынын 21 жаштагы тургуну кулпунай жегенден кийин ашказаны сайгылашып ооруп жатканын айтып, ооруканага кайрылган. Медициналык кароодон кийин анын ийне жутуп алгандыгы аныкталган.

Ал эми 15-сентябрда Австралиянын башка аймагынын 7 жаштагы тургуну кулпунайдын ичинен ийне чыкканын айткан. Көп узабай тургундар кулпунайдын ичинде ийне бар экендигин айтып чыгышкан. Айрымдары алма, банан өңдүү жемиштердин ичинен ийне сымал металл чыкканын билдиришкен. Бирок полиция кызматкерлери ал заттын ийне эмес экендигин аныктаган.

Массалык билдирүүдөн кийин Квинсленд штатынын бийлик өкүлдөрү кулпунайга ийне салган кылмышкерди тапкандарга 100 миң Австралия долларын (5 миллион 10 миң 638 сом) акчалай байге катары жарыялаган. Ошондой эле тургундарга жемиштерди сатып алууда этият болуп, сөзсүз текшерип көрүүсүн эскерткен.

19-сентябрда Австралия бийлиги шектүү адамды тапканын, бирок анын аты-жөнүн, жашын жарыялабай турганын билдирген. Анда шектүү делген өспүрүм кулпунайларга ийне салганын моюнуна алган. Бирок эмне себептен андай кадамга барганын түшүндүргөн эмес. Учурда шектүү делген башка адамдар дагы изделүүдө.

Квинсленд штаты Австралия боюнча кулпунайды эң көп өндүргөн штат болуп эсептелет. Кулпунайдын ичинде ийне бар деген массалык билдирүүдөн кийин айрым өндүрүүчүлөр азыктарын жок кылышкан. Ал эми өлкө бийлиги чет өлкөгө экспортко чыгарган кулпунайларды тыкыр көзөмөлдөн өткөрүүнү, тагыраагы, металлды аныктоочу детектордон өткөрүүнү тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
interpol
2018-09-20 20:02:46
Шумдугуң кургур замана!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан