Сүйүү, күтүү, табышуу, ажырашуу, үй-бүлө, кайгы жана бакыт... Так ушул сезимдер, турмуштан алынган жүрөк сырлары SUPER TV'нын "Жан дүйнө" долбоорунда.
– Апа, момпосуйларды бул хрусталь идиштерге салайын, ээ?
– Жок, аны алып чыкпа, жөнөкөй эле табакка салып кой. Кошуналар эле келет.
– Аа, салаттардычы?
– Аны тиги алтын сызмасы бар тарелкаларга сал. Экини эле алсаң.
Апамдын үйүндө эмне гана жок. Советтик мезгилдеги хрусталдар, фарфор сервиздер, күмүш кашыктар. Бирок биз таптакыр колдончу эмеспиз. Ошол кездеги бардык эле аялдардай апам бул нерселерди өтө сый конокторго арначу. Ал коноктор жылына бир келет, келбесе жок.
Кийин биз чоңоюп калганда апамды аябай кийинтким келчү. Эки көйнөгү болсо керек эле. Бири сары жашыл, экинчиси күрөң түстө. Апам буларды деле кийчү эмес.
– Апа, жаңы көйнөгүңүздү эле кийип чыксаңыз.
– Ой, мына бул эле жерге барып куран окутуп келем. Жасангандай жаш келин белем?
"Балдар деп жүрүп эле өтүп кетебизби, бас, ай, көңүл ачып райондун борборуна чыгып келели", - деп келген шайыр курбусуна күлүп эле койчу.
Анткени түмөн түйшүк, балдары аны тап жылдырбай кармап турса керек. Апамдын бош отурганын көргөн эмесмин. Башында мен “аял ушундай болуш керек, башка эмне кылмак эле?” деп ойлочумун. Бирок бул пикирим жаңылыш экенин кийин түшүнө баштадым. Анткени элди көрдүм, жерди көрдүм. Дүйнө таанымым өзгөрүлө баштады. Аял өзүн сыйлаш керек экен. Аялдын чарчаган энергиясы күйөөсүнө, кийин балдарына да жугат дешет. Байкасам, мен апама окшоп көп нерсени артка жылдырат экенмин. Мисалы, саякатка чыгууну, өзүмдүн ырахатым үчүн бир нерсени жасоону. Биздин коомдо аял өзүн үй-бүлөсү үчүн курмандык кылуусу кадыресе көрүнүш. Бул көрүнүштү жойгум келип жүрөт.
Окуяны толугу менен төмөнкү видеодон көрүңүз.