Дүйнө чемпиону Эрбол Бакиров: "Машыктыруучум чемпион гана болушум керектигин айтып жатты"

Бүгүн, 21-сентябрда Словакияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунун чемпиону Эрбол Бакиров жана коло медалдын ээси Акжол Махмудов мекенибизге кайтып келди. Аларды "Манас" эл аралык аэропортунда туугандары, достору жана башкалар тосуп алды.

Чемпиондун кубанычы коюнуна батпай, толкунданып, ийгилиги тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

- Эрбол, мелдеш кандай өттү?

- Чемпиондук мелдеш абдан жогорку деңгээлде өттү. Алла Тааланын жардамы менен жеңишке жеттим. Дүйнө биринчилигине 2-жолу катышып жатам, буга чейин коло медалды уткан болчумун.

- Алтын медаль үчүн күрөшүүдө кандай кыйынчылыктар болду?

- Кыйынчылыктар көп болот, жеңишке жетүү үчүн анын баарына чыдаш керек. Эң негизгиси жакшы машыгып, Кудайга ишенүү керек.

- Мелдешке катышып жаткан учурда кимдин колдоосу көп болду?

- Машыктыруучуларымдын жардамы аябай чоң болду, андан соң ата-энем колдоо көрсөттү. Досторум да ийгилик каалап, дем-күч берип жатты. Машыктыруучум "Чемпион болуш керек. Чемпион гана болуш керек" деген насааттарды берип жатты. Алар болбосо чемпион болот белем? Билбейм.

- Мелдештин жүрүшүндөгү атаандаштарың тууралуу айтып кетсең?

- Атаандаштарым абдан күчтүү болду. Алардын бардыгы өз мамлекетинде чемпиондор. Алардын деңгээли дагы абдан жогору экен.

Дүйнө чемпиондугунда ийгилик жараткан спортчулар мекенибизге кайтып келди
Дүйнө чемпиондугунда медаль тагынган балбандар Словакиядан кайтып келишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ekonomist.
2018-09-21 09:18:44
Азаматсын
+4
madina.87
2018-09-21 09:32:39
Депутаттын уулу,атам депутат эле дебей
талыкпай машыгып,дүйнө чемпиону болду азаматсың Эрбол!!!Сени менен сыймыктанабыз
+6
kechirmeni
2018-09-21 10:19:03
madina.87,Кайсы депутаттын баласы?
+4
madina.87
2018-09-21 13:06:49
kechirmeni,Эгембердиев Максатбек Бакирович
КСДПдан депутат жогорку кеңешке.
+1
Adil706070
2018-09-21 10:23:03
Мирлан Бакировдунбу Онугуу прогресстеги?
+1
kolyn
2018-09-21 11:53:01
Азамат.Эми"звезда"болуп кетпей жакшы машыга бер,али алдыңда көп-көп дүйнөлүк мелдештер турат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан