Чүй облусунун Сокулук районунда 4 жашар кызды зордуктоого аракет кылган деген шек менен бир жаран кармалды. Чүй ОИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, милиция кызматкерлерине 25 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Арызда 2-июль күнү болжол менен 16:00дө Игорь аттуу жаран арыз ээсинин үйүнө кирип, 4 жашар кызды зордуктоого аракет кылганы жазылган. Ыкчам иликтөө чаралары жүргүзүлүп, 22 жаштагы аталган жаран кылмышка шектүү катары кармалды. “Игорь аттуу жаран арыз ээсинин үйүнө конокко келген. Кечинде уктоо үчүн бардыгы бир бөлмөгө жатышкан. Баары уктап калган соң аталган конок жаш кызды зордуктоого аракет кылган”,- деп билдирет ОИББи. Аталган факты боюнча соттук-медициналык жана биологиялык экспертиза дайындалып, кылмыш иши козголду.