Бишкекте медициналык окуу жайдын директору абитуриентти окууга өткөрүү үчүн 25 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалды

Бишкектеги медициналык колледждин директору 25 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

"Ушул жылдын 10-сентябрында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына А.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Жаран арызында Бишкектеги медициналык колледждердин биринин директоруна абитуриентти окууга өткөрүү үчүн 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын бергендигин жана дагы 25 миң сом пара талап кылганын билдирип, тиешелүү чара көрүүнү суранган. Арыздын негизинде кылмыш иши козголуп, 12-сентябрда медициналык окуу жайдын жетекчиси Р.Н. аттуу жаран 25 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Каржы полициясы шек жараткан сунуштарга макул болуп, пара бербөөгө чакырат. Кандайдыр бир кызматкерлер пара талап кылса, токтоосуз 1955 кыска номерине же 0312 32-30-91, 0312 32-37-07 номерлерине кабарлоону сунуш кылат.

Медициналык коллеждин директору пара алып жаткан жеринен кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
tular
2018-09-21 13:58:56
70000 сомдон алышатда, бул аз берген экен.
+2
erkeleim
2018-09-21 14:13:21
Андан коро ырчы болуп алсанар бир тойдо жарым саат ырдап 25мин аласынар. Постава да жок.
+2
aman0296
2018-09-21 14:32:52
erkeleim,Ошондо да мени биринчи чыгарбай койду деп тамаданын чачын жулуп жатышпайбы.
+5
Kroxa
2018-09-22 02:04:01
Бул чети эле менимче...100мин сурагандары да бар...
0
Kaninaiman
2018-09-23 11:25:14
Мен 45мин мн окугам азыр 60 болуп калыптыр..
0
Kaninaiman
2018-09-23 11:27:04
1 тыйын бербей окугандар барбы???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан