UFC'нин президенти Дэйна Уайт Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Дональд Трампты Конор Макгрегор менен Хабиб Нурмагомедовдун беттешине чакырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматта жазылгандай, Дэйна Уайт президенттерди беттешке келип, кадырлуу конок болуп кетүүгө чакырган.
"Биз президенттерди беттешке чакырып турабыз. Билем беттеште дүйнө лидерлеринин коноктордун арасында отурушу коопсуздук жагынан маселе жаратышы мүмкүн. Трамп менин чакыруумдан баш тартты, бирок ал эки мушкердин беттешин түз эфир аркылуу көрөт", - деген UFC'нин президенти.
Ошондой эле ал Орусиянын президенти да беттешке келеринен күмөн санай тургандыгын кошумчалаган.
Ирландиялык Конор Макгрегор менен орусиялык Хабиб Нурмагомедов 6-октябрда Лас-Вегаста UFC турниринин алкагында беттешет. Буга чейин эки мушкердин бетме-бет жолугушуп, көптөгөн көрүүчүлөргө шоу көрсөткөндүгү жазылган.