Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында токтоп турган Ауди-С4 унаасынан өрт чыкты. Маалыматты окурман "Элдик кабарга" билдирди.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 23-сентябрда аянтта токтоп турган унаа саат 14:40 чамасында күйгөн. Өрт анын жанында турган Фольксваген-Поло үлгүсүндөгү унаага да өтүп кеткен. Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчү унаалар келип, тилсиз жоону өчүрүп жатышат.
"Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча жабыркагандар жок. Унаа өрттөнүп, өрт жанында турган унаага да өткөн. Менин көңүлүм өрт өчүрүүчү унаанын тешилген шлангына да бурулду. Өрт унаанын бензин куюлган багына жеткен эмес, өрт өчүрүүчүлөр өз кезинде келип калган, болбосо катуу жарылуу болмок", - деди ал өзүнүн билдирүүсүндө.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.