Футбол федерациясы “Алай” клубуна кичи автобус белек кылды

Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы “Алай” клубуна кичи автобус белек кылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Кыргыз чемпиондугунун алкагында 22-сентябрда Ош шаарынын “Алай” командасы өз үйүндө Кара-Балта шаарынын “Кара-Балта” командасын кабыл алды. Мелдештин тыныгуу учурунда Футбол федерациясы Оштун “Алай” футболдук клубуна кичи автобус белекке берди. Аталган федерациянын вице-президенти “Алай” командасына мындан ары чоң ийгиликтерди каалады.

“Алай” футболдук клубунун вице-президенти Сеит Аматов Федерациянын өкүлдөрүнө клубдун атынан ыраазычылык билдирди. Беттеш 9:0 эсебинде “Алай” командасынын жеңиши менен аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KyrgyzstanBishkek
2018-09-24 08:21:21
Кут болсун
+1
monster_high_98
2018-09-24 09:33:34
Алай оюнчулары батышабы мунун ичине?
+3
Dembele84
2018-09-24 10:15:08
2013-жылы Алай клубу Ош шаарында кубокту женгени учун шаар мэри М.Мырзакматов автобус тапшырган болчу.Аны уже талкалап бутушкон бейм.
+3
rysik79
2018-09-24 11:00:25
9:0 эмне деген эсеп. Уят эле карабалтага.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан