ЖЫЛНААМА, 24-СЕНТЯБРЬ: Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов 46 жашка толду

IV, V, VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов Ош облусунун Ноокат районундагы Шанкол айылында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү. М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин экономика факультетин жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академияны бүтүрүп, "Эл аралык мамилелер" адистигине ээ болгон.

Эмгек жолун 1989-1990-жылдары Ноокат районундагы "Ленинизм" колхозунда баштаган.
1990-1992-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1992-1997-жылдары – Ноокат районундагы "Шанкол" колхозунун жумушчусу;
1997-1999-жылдары – "Монолит-Ош" ишканасынын филиалынын инспектору;
1999-2001-жылдары – "Алтын-темир" корпорациясынын директорунун орун басары;
2001-жылдын май айынан сентябрь айына чейин "Темир" мамлекеттик ишканасынын Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн башкы инспектору;
2001-2007-жылдары – "Темир" мамлекеттик ишканасынын Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн директору;
2007-2010-жылдары – Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты, Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;
2010-жылдын ноябрь айында "Республика" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты болуп шайланган;
2010-2012-жылдары – Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы;
2012-2013-жылдары – Жогорку Кеңештин "Республика" фракциясынын жетекчиси жана Социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү болгон;
2015-жылы 4-октябрда парламенттик шайлоодо "Бир Бол" партиясынан Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган, "Бир Бол" фракциясынын лидери.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

24-сентябрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан