Словениянын Трнава шаарында эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу жыйынтыкталып, анда кыргыз балбандар байгелүү орундарга илинбей калды. Кыргыз спортчулардын арасында эң жогорку көрсөткүчтү Бекболот Мырзаназар уулу көрсөттү. Ал мелдештин жыйынтыгында 5-орунду ээледи.
Бекболот Мырзаназар уулу 57 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, алгачкы беттешинде эле индиялык Навеен Навеенге жеңилип калды. Индиянын спортчусу финалга чыгып, Мырзаназар уулу көңүл жубатуучу раундда күч сынашканга мүмкүнчүлүк алды.
Бекболот Мырзаназар уулу грузиялык Гога Дзигуа менен кездешип, беттештин соңуна 55 секунд калганда эсептер айырмасын 10 упайга жеткирип, 18:8 эсеби менен жеңишке жетти.
Муну менен кыргыз балбаны коло медаль үчүн күрөшүп, АКШлык Дуейн Фикс менен кездешти. Беттештин жыйынтыгында 10:0 эсеби катталып, тилекке каршы, Бекболот Мырзаназар уулу жеңилип калды.
Кыргыз балбандардын жыйынтыгы:
61 килограммга чейинки салмак ченинде:
1/16 финал: Тынчтык Абасбеков - Минсу Чо (Түштүк Корея) - 8:10.
65 килограммга чейинки салмак ченинде:
1/16 финал: Тилек Шаршеев - Буд Батбатаар (Монголия) - 1:10.
70 килограммга чейинки салмак ченинде:
1/8 финал: Мансур Сыргак уулу - Веселин Георгиев (Болгария) - 1:3.
74 килограммга чейинки салмак ченинде:
1/16 финал: Нуртилек Карыпбаев - Симон Маршл (Австрия) - 7:4;
1/8 финал: Нуртилек Карыпбаев - Жемал Рушен Али (Болгария) - 4:7.
79 килограммга чейинки салмак ченинде:
1/16 финал: Атай Изабеков - Сингх Манн (Индия) - 4:8.
86 килограммга чейинки салмак ченинде:
1/16 финал: Динисламбек Таалайбек уулу - Сейдаббасали Хашемийубари (Иран) 0:11.
92 килограммга чейинки салмак ченинде:
1/16 финал: Сымбат Сулайманов - Миенгсинк Чу (Түштүк Корея) - 8:9.
97 килограммга чейинки салмак ченинде:
1/8 финал: Кунай Нурдавлетов - Самуэль Елам (АКШ) 1:11;
Көңүл жубатуучу раунд: Кунай Нурдавлетов - Хинсу Хан (Түштүк Корея) - 5:6.
125 килограммга чейинки салмак ченинде:
1/8 финал: Аян Алымов - Рашид Хамидли (Азербайжан) 3:5.