Кыргыз мушкери Эржан Тургумбеков Орусиянын Екатеринбург шаарында өткөн профессионалдык бокс боюнча мелдеште өзбекстандык мушкерди жеңип алды.
"RCC Boxing Promotions" уюмунун мелдешинин 57 килограммга чейинки салмак ченинде мекендешибиз Эржан Тургумбеков өзбекстандык Шехзод Юлдашев менен кездешти.
Эржан Тургумбеков беттештин алгачкы мүнөттөрдөн кооптуу соккуларды узатып, атаандашын жеңилүүгө аргасыз кылды. 1-раунд бүткөн соң өзбек мушкердин машыктыруучусу 2-раундга шакиртин чыгарган жок.
Муну менен Эржан Тургумбеков профессионалдык карьерасындагы 4-жеңишине жетти.
Ошондой эле бул мелдеште дагы бир кыргыз спортчу Дастанбек Иманказиев катышып, өзбекстандык Абдулбосид Хамидов менен туш келди. Бул беттеш эки спортчуга тең алгачкы болуп эсептелген. Беттештин жыйынтыгында Иманказиев калыстардын чечими менен жеңишке жетти.