Чычкан капчыгайында унаа оодарылып, кырсыктан бир адам каза болду

Чычкан капчыгайында Volkswagen Passat-B3 үлгүсүндөгү унаа оодарылып кетип, кырсыктан 1 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык 23-сентябрда эртең мененки саат 9:35 чамасында орун алган. Анда Бишкектен Ош тарапка бараткан унаа Токтогул районуна караштуу Чычкан капчыгайында жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктан 1 адам каза болуп, 5 киши жаракат алган.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан