23-сентябрда "ЭЛДИК КАБАРга" окурман Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун борборундагы базардан өрт чыкканын кабарлаган.
Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Өзгөн шаарында үй тиричилик техникаларын саткан дүкөндүн кампасы өрттөнгөнүн кабарлады.
"Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан “Үй тиричилик техникалары” дүкөнүнүн кампасындагы 20 даана муздаткыч жана кир жуучу машиналар күйгөн. Өрт саат 13:11де чектөөгө алынып, 14:00дө толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп айтылат маалыматта.