Кыргыз кикбоксчулары Дүйнө чемпиондугунда 5 медаль утуп алышты

Кыргыз спортчулары кикбокс боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда 5 медаль утуп алышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын кикбокс федерациясы билдирди.

Аталган мелдеш Италиянын Венеция шаарында өтүп, анда 64 өлкөдөн 2 миңден ашуун спортчу катышты. Кыргыз өлкөсүнөн бул мелдеште 9 спортчу катышкан. Алардын ичинен 6 кикбоксчу байгелүү орундарга илинди.

Мелдештин жыйынтыгында 63 килограммга чейинки салмак ченинде кыргыз мушкери Чыңгызхан Алмазбек уулу финалга чыгып, тилекке каршы, жеңилип калды. Натыйжада ал 2-орунду ээлеп күмүш медалдын ээси болду.

Андан тышкары жарым финалда жеңилүү ызасын тартып калган Азиз Бийхуров, Арлет Бакытбек уулу, Мирбек Касымов, Рустам Эшмаматов коло медалдарды тагынышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alihan2018
2018-09-24 13:04:18
Азаматтар ар дайым ийгиликтерге жетише бергиле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан