Бүгүн, 24-сентябрда Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугунун 5-мелдеш күнү старт алат. Анда Кыргыз өлкөсүнөн Фарух Булеркулов татаминин үстүнө чыгат.
Фарух Булеркулов 90 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, анын алгачкы атаандашы Бириккен Араб Эмираттарынын спортчусу Михаил Марчитан болот.
Айта кетсек, аталган мелдеш 20-сентябрда старт алып, 4 салмак ченинде жеңүүчүлөр аныкталды. Кыргыз өлкөсүнөн Отар Бестаев, Баяман Сагынбай уулу, Артур Те, Бектур Рысмамбетов, Ишен Аманов жана Владимир Золоев беттештерин өткөрүп, тилекке каршы, байгелүү орундарга илинбей калды.