Кыргызстанда казак-өзбек чек ара аймагынан аткезчилик жол менен жүк алып бара жаткандар кармалды. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы 4-июлда билдирди. Чек арачылар 400 литр спирт жана 7 тонна өрдөк этин аткезчилик жол менен алып бара жаткан 2 автоунааны кармашты. Жүктүн жалпы суммасы 1 миллион 250 миң сомду түзгөн. Кыргызстандын жана Казакстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүндө кармалгандарды кыргыз тарапка өткөрүп берүү тууралуу макулдашылды. Ал эми кармалган жүк Сокулук РИИБине өткөрүлүп берилди.