Дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугу: Фарух Булеркулов жарым чейрек финалда орусиялык спортчуга жеңилип калды

Бүгүн, 24-сентябрда Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугунун 5-мелдеш күнү өтүүдө. Анда Кыргыз өлкөсүнөн Фарух Булеркулов күч сынашууда.

Фарух Булеркулов 90 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүүдө. Ал жарым чейрек финалда орусиялык Хусен Калмурзаев менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө Калмурзаев кыргыз дзюдочуну килемден сырткары түртүп чыгып, 1 упайга ээ болгон. Фарух Булеркулов упайларды тең кылганга бир топ аракет кылганы менен ийгиликтүү болгон жок.

Муну менен орусиялык спортчу чейрек финалга чыкты. Эгерде ал финалга чейин жетсе, Фарух Булеркулов көңүл жубатуучу раундда күч сынашууга мүмкүнчүлүк алат.

Айта кетсек, буга чейин Фарух Булеркулов Бириккен Араб Эмираттарынын спортчусу менен күч сынашып, беттештин аягына 7 секунд калганда таза жеңиш менен утуп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан