Кыргыз спортчусу Зулкайнар Шайбек уулу АКШнын Лос-Анжелес шаарында өткөн жиу-житсу боюнча эл аралык мелдеште 3 медаль утуп алды. Бул тууралуу спортчу SUPER.KG порталына билдирди.
"Nationals jiu-jitsu open" деп аталган мелдеште кыргыз спортчу Зулкайнар Шайбек уулу 3 категорияда күч сынашты. Ал алгач 77 килограммга чейинки салмак ченинде Gi категориясында күрөшүп, 2 беттеште жеңишке жетип, финалда жеңилүү ызасын тартып калды. Муну менен ал 2-орунду ээлеп, күмүш медалды тагынды.
No-Gi категориясында Зулкайнар Шайбек уулу 77 килограммга чейинки салмак ченинде алтын медалды тагынып, абсолюттук салмак ченинде коло медалды тагынды.