Кыргызстандан мыйзамсыз жол менен 300 килограмм карбонат алып кетүүгө аракет кылган орусиялык жаран колго түштү

Орусиянын жараны Кыргызстандан 300 килограмм карбонатты мыйзамсыз алып чыгып кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Баткен чек ара бекетинин чек арачылары кыргыз-өзбек чек арасынан Hundai Porter үлгүсүндөгү унааны текшерип, андан 1,5 тонна цемент жана 300 килограмм карбонат табышкан. “Унаанын айдоочусу Орусиянын жараны болгон. Ал эми унаадагы жүккө тиешелүү документтер болгон эмес. Аткезчилик жол менен алынып бара жаткан заттар учурда укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди”,- деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан