Бишкекте катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа студентти сүзүп кетти

Бишкекте катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа студентти сүзүп кетти. Кырсык бүгүн, 24-сентябрда саат 15:16лар чамасында Махатма Ганди көчөсүндө болгон.

Окуя ошол көчөдө жайгашкан видео-көзөмөлгө түшүп калган. Анда окуу жайдан чыгып, жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жолдон өтүп бара жаткан студентти көрүүгө болот. Биринчи унаа токтоп турганда ал чуркай баштайт. Жолдун экинчи бөлүгүндө катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа баланы сүзүп, ал 10-15 метрдей аралыкка учуп кетет. Жаракат алган жөө жүрүүчүнү "Тез жардам" кызматы ооруканага алып кеткен.

Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан унаа айып төлөөчү аянтка токтотулганын билдиришти.

Студентти катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа сүзүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Samar90
2018-09-24 20:22:06
Качан биз бири бирибизди сыйлап жашайбыз айдочу мал екен
+4
TalaCSKA
2018-09-24 20:52:40
Пешеходный переходтон да ушунча ылдамдыкта отобу миллион процент айдоочу куноолу!!! Аллах шыпасын берип студент жигит айыгып кетсин.
+5
Tansuluu09
2018-09-24 21:24:38
Айыгып кетсин эми ! Машиналар жоо жургунчулорго , жоо жургунчулор машиналарга жол беришпейт.

Остановкада маршруткалар маршруткаларга жол беришпейт .
Коомдук транспорттортогу адамдар каалаган жерде токтотушат светофордун, жолдун ортосунда каалаган жерде каалагандай тушуп ашмалтайын чыгарып бутуппуз.(((


+3
Fatimka
2018-09-24 23:08:50
Эч ким эрежени сактабайт. Тартип, законго баш ийуу деген жок. Же чондорунда, же жон адамдарда.
+1
binur5
2018-09-24 23:18:42
Ой баарыбыз бир убакытта машина минебиз кайра эле жоо журобуз ар бир Адам машина айдаганда абайлап айдайлыча ошол эле убакта жоо жургунчу болуп ой келди жерден откондо озубузго сак бололучу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан