Украина сулуусу таажысынан ажырады
"Украина сулуусу-2018" сынагынын жеңүүчүсү Вероника Дидусенко таажысынан ажырады. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Вероника сынактагы айрым эрежелерди бузган.
Белгилүү болгондой, сулуулар сынагына катышкан 23 жаштагы Вероника Дидусенко турмушка чыкканын, баласы бар экенин жашырган. Бул сынакка бойдок, баласы жок кыздар гана катыша ала турганын уюштуруучулар айтып, Вероника Дидусенкону сынактан четтеткен. Эми ал тагынган таажы башка кызга ыйгарылат. Тагыраагы, сулуулар сынагы 30-сентябрда кайрадан өткөрүлүп, башка сулуу аныкталат.
"Украина сулуусу-2018" сынагы ушул жылдын 20-сентябрында өтүп, ага жалпы 25 кыз катышкан. Анда киевдик Вероника Дидусенко жеңүүчү деп аталып, таажы тагынып, 300 миң гривна (737 миң 508 сом) акчалай байгеге ээ болгон. Сулуулар сынагынын жеңүүчүсү эл аралык "Дүйнө сулуусу" сынагында Украина өлкөсүнүн атынан чыкмак.