Америкалык актёр, продюсер, композитор, рэп ырчысы Уилл Смит 50 жашка толду. Ал 1968-жылы 25-сентябрда АКШнын Пенсильвания штатындагы Филадельфия шаарында төрөлгөн. Атасы Уиллард Смит I жеке ишкер, апасы Керолайн мугалим болгон.
Уилл Смит мектеп жашынан эле рэп айтуу менен алектенип, ыр дүйнөсүнө аз-аздан аралаша баштайт. Балалыгындагы “Ханзаада” кличкасын сахнада чыгармачылыкта псевдоним катары колдонуп, кийинчерээк жакын досу, белгилүү рэп ырчысы Жефф Таунс менен биргеликте "DJ Жаззи Жефф жана Мыкты Ханзаада” деп аталган топ түзгөн.
Кийин топтун алгачкы эки альбомунун бири “Мен рэп ырчысымын” ырлар жыйнагы “Грэмми” сыйлыгына татып, атактуулукка карай кадамдар арбыйт. 18 жашында ырчылыктан тапкан алгачкы миллион долларын жеке кызыкчылыгы үчүн жумшоону чечип, көңүл ачууга, үй, автоунаа жана алтын-күмүш жасалгаларын сатып алууга коротуп жок кылган. Андан көп узабай эле аталган топ ырчылардын изденүүсү токтоп калганына байланыштуу тарап кеткен.
Чыныгы атактуулук актёрго “Тентек балдар”, “Боштондук күн” кинотасмаларынан кийин келген. Ар бир тасмага тартылуусу үчүн актёр 5 миллион долларлык өлчөмдө гонорар талап кыла баштайт. Бир гана кино тармагында жетишкендиктерди багындырбастан, 1997-жылы кайрадан ырчылыкка кайрылып, 4 жылдык тыныгуудан соң жаңы ырлары менен дүйнө элин дагы бир козгоп өтөт.
тууралуу.Актёр 1992-жылы Шири Зампино аттуу айымга үйлөнүп, 1 уулдуу болгон соң 1995-жылы ажырашып кетишкен. Андан соң 1997-жылы Жаде Пинкетт деген сүйүктүүсү менен баш кошуп, 1 кыз жана 1 уулдуу болушкан. Кызы менен "Мен - уламыш" тасмасына чогуу тартылса, уулу менен "Бакытты издөө", "Биздин доордон кийин" фильмдерине тартылган.

Айрым маалымат каражаттарында камера алдында айтылуу америкалык боксчу Мохаммед Алинин ролун жаратуу менен кийин анын образынан чыга албай, ислам динин тутуп, мусулман экендигин жар салып чыккандыгы жазылган. Бирок кийинчерээк кайсы динди карманып жүргөнүн элге айтуудан таптакыр баш тартып, азыркыга чейин сыр кылып келет.
25-сентябрдын жылнаамасы.