9 жаштагы кыргыз хоккейчи АКШдагы командалардын биринде ойноп 6 беттеште 8 гол киргизгенге жарады

9 жаштагы кыргыз хоккейчи Нуртемир Сулайманов Нью-Йорк шаарынын "Авиатор" командасына чакыруу алып, АКШнын "Tripple A" лигасында ойнойт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына спортчунун апасы Мээргүл Маматова билдирди.

"Нуртемир Сулайманов "Авиатор" командасы менен АКШнын Улуттук хоккей лигасынын жаштар арасындагы Жогорку Лигасында ойнойт. Азыркы тапта Сулайманов 6 беттеште ойноп, 8 жолу айырмаланганга жетишти", - дейт Маматова.

Нуртемир Сулайманов 3 жашынан баштап хоккейге кызыгып, "Алга Бишкек" командасында ойноп баштаган. Бул команда менен бир нече эл аралык мелдештерде ийгиликке жетишип, 7 жашында Орусиянын "СКА" хоккей клубуна өткөн. Ал жактан алдыңкы спортчулардын катарына кирген.

"2018-жылда Нуртемир Сулайманов "Нью-Йорк Рейнжерс" клубунун жайкы окуу-машыгуу жыйындарына катышып, ошол жактан "Авиатор" клубунун машыктыруучулары Нуртемирди байкап калышкан. 2 раунддук кароодон кийин Нуртемир Сулайманов "Авиатор" клубунун катарына кошулду", - деп кошумчалады спортчунун апасы.

Айта кетсек, Нуртемир Сулайманов Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aykyz
2018-09-25 14:17:09
Азаматсын! Кыргыздын мыкты уулу бол!
+2
Dembele84
2018-09-25 14:20:55
Ушундай жаштарыбыз кобойсун,гражданство алмаштырып кетпесе эле болду.
+2
kyialreal
2018-09-28 06:08:31
Депутаттын баласыго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан