Лионель Месси жыл мыктыларын тандоодо алгачкы жолу Криштиану Роналдуга добуш берди

ФИФА жылдын мыктыларын тандоодо кимдин кимге добуш бергенин ачыкка чыгарды. Бул тууралуу маалымат ФИФАнын интернеттеги расмий баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, жылдын мыкты футболчусу аталган Хорватия Курама командасынын капитаны Лука Модрич добуш берүүдө биринчи орунга Рафаэль Варанды, экинчиге Криштиану Роналдуну, үчүнчү орунга Антуан Гризманнды койгон.

Португалия курамасынын капитаны Криштиану Роналду добуш берген үчилтик да Модричтикинен көп айырмаланбай, болгону экинчи орунга өзүнүн ордуна Лука Модричти койгон.

Буга чейин 5 жолу жыл мыктысы аталган Лионель Месси да Аргентина курама командасынын капитаны катары добуш берген. Ал биринчиге Модрич, экинчиге Киллиан Мбаппе, үчүнчү орунга Криштиану Роналду татыктуу деп эсептейт.

Буга чейин Месси менен Роналду бир нече жолу добуш берүүгө катышып, бир да жолу бири-бирине добуш беришкен эмес.

Белгилей кетсек, 24-сентябрда Лондон шаарында ФИФАнын жылдын мыктыларын сыйлоо аземи болуп өттү. Мыктылар добуш берүү жолу менен тандалып, ага ФИФАга мүчө болгон курама командалардын машыктыруучулары жана капитандары катышкан.

Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин жана улуттук кураманын капитаны Азамат Байматов да жыл мыктылары үчүн добуш беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан