ИИМ: "Бир катар оор кылмыш иштерин жасап Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн Казак жараны Бишкектен кармалды"

Бир катар оор кылмыш иштерин жасап Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн Казак жараны Бишкектен кармалганын 25-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Андагы маалыматка караганда, кармалган адам эл аралык кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү болгон.

"Кыргыз өлкөсүнүн аймагында Макс аттуу адам жашырынып жүргөндүгү жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө экендиги боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн. Ыкчам изилдөө иш-чаралардын жүрүшүндө ал Казакстандын 1979-жылы туулган Мурат Ниязов аттуу жараны экендиги аныкталган. Ал эл аралык кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү жана кылмыштуу чөйрөдө өзүнүн өзгөчө зөөкүрлүгү менен айырмаланат.

Аныкталгандай, Казакстандын Кылмыш-жаза кодексиндеги 194, 367, 262-беренелеринде (талап кылуу, уюшкан кылмыштуу топту түзүү) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн М.Ниязов соттун чечими менен сыртынан 12 жылга эркинен ажыратылган. Андан сырткары өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети тарабынан 2015-жылы Интерполдун линиясы боюнча эл аралык издөө жарыяланган.
2018-жылдын 22-сентябрында ИИМдин тийиштүү багыттагы башкармалыктары атайын операция жүргүзүп, изделип жаткан адамды кармашкан", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган адам Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камалып, издөө салган тарапка маалымат жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан