Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун борбордук стадионунда орун алган Дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын "WEF PROFFIGHT 27" мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган федерациядан билдирди.
Мелдештин алкагында 32 беттеш орун алып, анда кыргыз, казак, орус, тажик жана өзбек мушкерлери күч сынашты. Кеченин негизги беттешинде кыргыз мушкери Эркебек Ракыев менен өзбекстандык Рауф Садриев кездешти. Беттештин жүрүшүндө Эркебек Ракыев атаандашын партер абалына өткөрүп, колун кайруу ыкмасы менен утуп алды.
"WEF PROFFIGHT 24" мелдешинин жыйынтыгы:
- Асрор Машрапов (Өзбекстан) калыстардын чечими менен Самат Кайрат уулун (Кыргыз өлкөсү) утуп алды;
- Урматбек Байышов (Кыргыз өлкөсү) 1-раундда техникалык нокаут менен Хусан Ташмурзаевди (Өзбекстан) жеңип алды;
- Шабдан Токтонали уулу (Кыргыз өлкөсү) 2-раундда Мазбуд Шунуровду колун кайруу ыкмасы менен утуп алды.
- Жумадыл Камбар уулу (Кыргыз өлкөсү) 2-раундда нокаут менен Искендер Мамировду (Өзбекстан) утту;
- Минбаши Акниет уулу (Кыргыз өлкөсү) кол кайруу ыкмасы менен Жаллориддин Убайдуллаевди (Өзбекстан) утуп алды;
- Эшболот Маматкарим уулу (Кыргыз өлкөсү) муунтуу ыкмасы менен Бабурбек Ходжибековду (Өзбекстан) жеңди;
- Абдулхай Кутбирдинов (Кыргыз өлкөсү) 1-раунддун 1-мүнөтүндө Акжолтой Абдулхаджи уулун (Кыргыз өлкөсү) утуп алды;
- Алтынбек Ажиев (Кыргыз өлкөсү) муунтуу ыкмасы менен Рустамбек Нуржановду (Кыргыз өлкөсү) жеңип алды;
- Кутман Жетимиш уулу (Кыргыз өлкөсү) 2-раундда техникалык нокаут менен Рустам Фазиловду (Өзбекстан) утту;
- Кадыр Мамашев (Кыргыз өлкөсү) калыстардын 2:1 чечими менен Хазрат Шарафиддиновду (Өзбекстан) жеңип алды;
- Бектурсун Айдошев (Кыргыз өлкөсү) 2-раундда техникалык нокаут менен Мумин Садиковду (Өзбекстан) утуп алды;
- Асылбек Жапаров (Кыргыз өлкөсү) калыстардын чечими менен Шерзод Шариповду (Өзбекстан) утту;
- Баяман Нурмамат (Кыргыз өлкөсү) 1-раундда кол кайруу ыкмасы менен Бахтияр Моминовду (Өзбекстан) жеңди;
- Тагайбек Таалай уулу (Кыргыз өлкөсү) техникалык нокаут менен Зикрио Маметхужаны (Тажикстан) жеңип алды;
- Данияр Зарипбек уулу (Кыргыз өлкөсү) техникалык нокаут менен Азамат Исмангуловду (Казакстан) утту;
- Муслим Сатыбалдиев (Өзбекстан) муунтуу ыкмасы менен Жумадыл Жанболот уулун (Кыргыз өлкөсү) жеңди;
- Султан Өмүрзак уулу (Кыргыз өлкөсү) 1-раундда техникалык нокаут менен Жамиддин Убайдуллаевди (Өзбекстан) утуп алды;
- Рамазан Маматазим уулу (Кыргыз өлкөсү) 2-раундда Баястан Урматбек уулун (Кыргыз өлкөсү) муунту ыкмасы менен утту;
- Белек Бакытбек уулу (Кыргыз өлкөсү) бут кайруу ыкмасы менен Фарход Холматовду (Өзбекстан) утту;
- Бектен Эркебаев (Кыргыз өлкөсү) 1-раундда Бабыр Абудгуловду (Өзбекстан) утуп алды;
- Хаби Аскарбек уулу (Кыргыз өлкөсү) техникалык нокаут менен Абдуллати Ахмедовду (Өзбекстан) жеңип алды;
- Манас Таштанбеков (Кыргыз өлкөсү) техникалык нокаут менен Алишер Кайумовдун (Өзбекстан) үстүнөн жеңишке жетти;
- Адилет Ибраимжан уулу (Кыргыз өлкөсү) техникалык нокаут менен Хаят Боронбаевди (Өзбекстан) жеңди;
- Канжарбек Тойчубеков (Кыргыз өлкөсү) 2-раундда Ином Болтаевди (Тажикстан) жеңип алды;
- Мыктыбек Оролбай уулу (Кыргыз өлкөсү) муунтуу ыкмасы менен Шахзод Холматовдун (Өзбекстан) үстүнөн жеңишке жетти;
- Сардор Ачипов (Өзбекстан) менен Орозбек Ашимжан уулунун (Кыргыз өлкөсү) беттеши тең эсепте аяктады;
- Мелисбек Абдырахманов (Кыргыз өлкөсү) калыстардын бирдей чечими менен Ихтиер Нарзуллаевди (Өзбекстан) жеңди;
- Кадыр Курсан уулу (Кыргыз өлкөсү) 2-раундда Санжар Эркиновду (Кыргыз өлкөсү) техникалык нокаут менен утуп алды;
- Адилет Ибраимов (Кыргыз өлкөсү) 42 секунддун ичинде Сардор Носировду (Өзбекстан) кол кайруу ыкмасы менен утуп алды;
- Азирет Жамшитбек уулу (Кыргыз өлкөсү) 2-раундда Садык Сангиновду (Тажикстан) техникалык нокаут менен жеңип алды;
- Сыргак Сагынбаев (Кыргыз өлкөсү) 1-раундда техникалык нокаут менен Егор Тулегановду (Орусия) утуп алды;
- Эркебек Ракыев (Кыргыз өлкөсү) кол кайруу ыкмасы менен Рауф Садриевди утуп алды.