Бишкекте жаштар арасында жеңил атлетика боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика федерациясынын башкы катчысы Иван Щербаков билдирди.
"29-30-сентябрда Олимпиада оюндарынын чемпиону Мария Пинигинанын баалуу белектери үчүн жаштар арасында жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Аталган турнир Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги тарабынан бекитилген календардык пландын негизинде ишке ашат", - дейт Щербаков.
Регламентке ылайык, турнирге 15 жашка чейинки улан-кыздар катыша алат. Азыркы тапта мелдешке катышуу үчүн Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары билдирмелерин жөнөтүшкөн. Мелдешти уюштуруу иштерине Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынан 66 миң сом бөлүнгөн.