Тажикстанда 2019-жылдын 1-январынан тарта үй шартында сүннөткө отургузууга тыюу салынат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Тажикстандын Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык коргоо министрлигинин маалыматына таянып жазып чыгышты.
Тажик өлкө башчысынын буйругуна ылайык, үй шартында сүннөткө отургузууга тыюу салынып, тиешелүү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Ата-энелердин уруксаты менен 2019-жылдын 1-январынан тарта медициналык жайларда сүннөткө отургузуу акысыз жүргүзүлөт.
Буга чейин Тажикстанда 2 жаштагы баланы үй шартында отургузуп, ал комага түшүп калган. Бала ооруканага жеткирилген, ал эми аталган окуя боюнча кылмыш иши козголгон.