3-июль күнү Ош облусунун Араван районуна караштуу Керме-Тоо айыл аймагында 3 гектар жер өрттөнгөн. Окуя болгон жерге “Араван” чек ара бекетинин өздүк курамы келип, бир жарым саат ичинде күйүп жаткан аянттын үчтөн бир бөлүгүн өчүрүшкөн. Учурда тилсиз жоонун келип чыгышы такталууда.