Бүгүн, 26-сентябрда Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугунун 7-мелдеш күнү старт алат. Анда Кыргыз өлкөсүнөн Юрий Краковецкий менен Бекболот Токтогонов татаминин үстүнө чыгышат.
Бүгүн 100 килограммдан жогорку салмак ченинде беттештер орун алат. Анда кыргыз спортчулары Бекболот Токтогонов менен Юрий Краковецкий алгачкы беттешин өткөрөт. Юрий Краковецкий алгачкы беттешинде Куба өлкөсүнүн спортчусу Энди Гранда менен кез келсе, Бекболот Токтогонов монголиялык Найдан Тувшинбаяр менен кездешет.
Айта кетсек, аталган мелдеш 20-сентябрда старт алып, 6 салмак ченинде жеңүүчүлөр аныкталды. Кыргыз өлкөсүнөн Отар Бестаев, Баяман Сагынбай уулу, Артур Те, Бектур Рысмамбетов, Ишен Аманов, Владимир Золоев жана Фарух Булеркулов беттештерин өткөрүп, тилекке каршы, байгелүү орундарга илинбей калышты.