Бүгүн, 26-сентябрда Дубайдагы Бурдж-эль-Араб мейманканасында алтындан жана бриллианттан жасалган дүйнөдөгү эң кымбат бут кийимдердин коллекциясы эл назарына тартууланат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган коллекциядагы эң кымбат бут кийим 17 миллион доллар турат. Дизайнерлик бут кийимдер зер компаниялар менен бирге жасалган. Эң кымбат бут кийимдин уч жагына 15 караттык бриллиант чапталган. Ал эми бут кийимге чапталган бриллианттардын жалпы саны 236.
Бул коллекциядагы эң арзан шиш такалардын баасы 17-27 миң доллар, алар да алтын, бриллиант, рубин, бермет таштары менен кооздолгон.