Казакстандын Астана шаарында киши колдуу болуп каза болгон журналист Ирина Бектенованын өлүмүнө жарандык никедеги күйөөсү шектелип изделүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып казакстандык басылмалар жазууда.
ИИМдин маалыматына караганда, окуя болгон күнү Ирина Бектенова көп кабаттуу үйдүн подъезинде тааныш адамы менен турган. Аны жарандык никедеги жолдошу Анатолий Гусейнов көрүп калып жаңжал чыгарган. Ал арада Бектенованын таанышы болгон адам кетип калып, бирок Гусейновдун ага кол көтөрүп жатканын көрүп, кайтып келген. Ал келген маалда Бектенова эсин жоготуп жерде жаткан. Дароо "Тез жардам" кызматын чакырган. Ал эми Гусейнов окуя богон жерден качып кетип, азыркы тапта аны кармоо үчүн тийиштүү иштер аткарылууда.
Бектенова менен Гусейновдун ортосунда 2 баласы болгон.