Бразилиянын президенттигине талапкер Сиро Гомес ооруканага түштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, сурамжылоолор боюнча президенттикке талапкерлердин ичинде 3-орунда келе жаткан Сиро Гомес 25-сентябрда Сан-Паулудагы клиникалардын бирине жеткирилген. Саясатчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Гомеске жеңил операция жасалган жана жакын арада ал кайрадан саясий жарышка кайтып келет. Саясатчыга кандай операция жасалганы так айтылган эмес.
Сентябрдын башында президенттикке талапкерлердин бири Жаир Болсанаруну эл менен жолугушуу учурунда бычак менен сайып кетишкен. Ага 2 жолу операция жасалаган, азыркы тапта ал ооруканада. Талапкерге бычак сайган кылмышкер бул кадамга саясий көз карашынан улам баргандыгын айткан.
Бразилиядагы президенттик шайлоо 7-октябрда өтөт.