Кичи-Нарын суусуна көпүрө курууда мыйзам бузуу катталып, өлкө казынасына 17 миллион сомдон ашык зыян келген. Бул тууралуу SUPER.KGʹге Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Каржы полициясы) басма сөз катчысы Анастасия Пискур кабарлады.
Маалыматка ылайык, мыйзам бузууга Жол чарбачылыгы департаменти менен ишти аткарган ишкананын ортосунда түзүлгөн келишимдин бузулгандыгы себеп болгон.
“Келип түшкөн материалдардын негизинде ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада 2016-жылдын май айында Жол чарбачылыгы департаментинин жол-эксплуатациялык ишканасы менен “К.” ишканасынын ортосунда 38 миллион сомдон жогору баага көпүрө өтмөгүн куруу жөнүндө келишим түзүлгөн. Келишимдин шарттарына ылайык, курулуш иши 8-11-М-1 деген атайын иш долбоору боюнча ишке ашырылмак. Курулуш иштери үчүн аны курган тарап алдын ала акча алгандан тартып 7 күндүн ичинде иш башталышы керек болчу. Бирок жол-эксплуатациялык ишканасынын жооптуу адамдары келишимди бузуп, “К.” ишканасынын эсебине 17 миллион 690 миң сом суммадагы акча каражаттарын которгон. Муну менен бирге “К.” ишканасы көпүрө куруунун ордуна түзүлгөн келишимдин шарттарында каралбаган “САРМ” деген орточо автомобиль көпүрөсүн орноткон. Азыркы убакта “К.” ишканасы долбоордун документтеринде көрсөтүлгөн көпүрөнү куруу иштерин баштай элек”, - деди Пискур.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 171 (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу) жана 221-беренелери (коммерциялык уюмдардын кызматчылары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышы) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.