"Чалдыбар унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайынан агасынын паспорту менен өтүүгө аракеттенген Казак жараны кармалды

“Чалдыбар унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайынан тууганынын паспорту менен өтүүгө аракеттенген Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, документтерди текшерүү маалында 1986-жылы туулган Т.Ж. аттуу Казак жараны кармалган. Териштирүү иштеринин алкагында, чек арадан өтүү үчүн 1979-жылы туулган агасынын паспортуна өзүнүн сүрөтүн чаптаганы аныкталган. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран Кыргыз Республикасынын ИИМинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан