Футбол боюнча Өлкө чемпиондугу: Бишкектик "Дордой" конокто Оштун "Алай" футболдук клубун утуп алды

Бүгүн, 26-сентябрда футбол боюнча Өлкө чемпиондугунун 22-туру жыйынтыкталды. Анда Ош шаарында жергиликтүү "Алай" Бишкектин "Дордой" футболдук клубун кабыл алды.

Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо орун алган беттеш 0:2 эсебинде "Дордойдун" жеңиши менен аяктады. Беттештин 51-мүнөтүндө Муролимжон Ахмедов эсеп санын ачса, 59-мүнөттө Эрнист Батырканов эсеп санын 0:2 кылып, командасына жеңиш алып келди.

Муну менен "Дордой" командасы 3 упайга ээ болуп, жалпы 47 упай менен Топ Лиганын турнирдик жадыбалында 1-орунда жайгашты. 2-орунда 45 упай менен Канттын "Абдыш-Ата" командасы болсо, 3-орунда 42 упай менен Оштун "Алай" командасы келүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
joolugushchuukundorbar
2018-09-26 18:08:17
Булар бири бири мн ойноп ээч тажашпай койду го!))
-8
Taku.14.02
2018-09-26 18:42:44
joolugushchuukundorbar, анан эмне барса же реал менен ойномок беле чемпионат кыргызстан болуп атса
+7
jugorsk
2018-09-26 18:57:52
joolugushchuukundorbar,Футболду тушунбогондон кийин не кыласын комент жазып
+6
bessmertiy
2018-09-27 03:54:23
Мен кордум. Алайдын оюнчулары болбой калыптыр. 2 жыл мурда сонун ойношчу. Топту туш келди эле тээп журушту.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан