Мамлекеттик айыптоочулар Нариман Түлеев таштанды жыйноочу техниканы сатып алууда мыйзамды бузгандыгын билдиришти

Мамлекеттик айыптоочулар 2008-жылы июль айында Нариман Түлеев Кытайдан таштанды жыйноочу унаалардын баасын жогорулатып сатып алгандыгын айтышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдайт. Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө ири өлчөмдөгү акчага ээ болуш үчүн Бишкек мэриясынын материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгы 2008-жылы 6-октябрда жалпы суммасы 27 375 000 сомго 16 таштанды ташуучу техниканы сатып алуу жана жеткирүү боюнча тендер өткөндүгү тууралуу жасалма документ даярдаган. Жалган өткөрүлгөн тендерге "Локо ЛТД" жоопкерчилиги чектелген коому  (ЖЧК), "Айрус" ЖЧКсы катышкан (аталган коомдун ээлери Түлеевдин туугандары жана жакындары). Таштанды чогултуучу техниканын жана бажы чыгымдарынын баасын ашыра көрсөтүүдөн мамлекетке 28 123 325 сомдук зыян келтирилген.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Lika02
2013-07-05 09:36:17
Тулеев турмодон чыгууга акысы жок. ал жегенин жеп тойгонун тойуп алган. ошолорду баарын кусдуруп алыш керек. Тулеев Бакиевдер эн биринчи куноокорлор.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан