Өлкө боюнча бир сутканын ичинде 18 өрт кырсыгы катталып, Кара-Суу районундагы эки чайканадан өрт чыкты

Өлкө боюнча бир сутканын ичинде 18 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Чүй облусунда 5, Ош облусунда 7, Ош шаарында 1, Талас облусунда 1, Нарын облусунда 1, Жалал-Абадда 2, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айыл аймагындагы Ынтымак айылында чайканадан өрт чыкты. Анда “Аскар” чайканасынын жер төлөсүнүн 24 чарчы метр аянты, 4 стол, 6 отургуч жана отун күйгөн. Ошондой эле Нариман айыл аймагынын Жийделик айылындагы “Сары-Челек” чайканасынын ашканасында 1 электр плитасы күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
titanik32
2018-09-27 10:18:12
Кара сууда көп нерсе күйүп кетип материалдык чыгым көп болгон го.4 стол 6 отургуч 1 отун күйүптүр.Кийинки чайханада 1 мечта плитасы күйүп кетиптир.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан