Нарында жол кырсыгына кабылган унаа айдоочунун айылдашына таандык болгон. Бул тууралуу Нарын облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, унааны башкарып бара жаткан 52 жаштагы Ш.И. Жумгал районунун Баш-Кууганды айылынын тургуну болгон. Унаа башкаруудан чыгып, бийиктиги 8 метр болгон аңга кирип, бир нече жолу оодарылып кеткен.
"Ауди 100 үлгүсүндөгү унаа Баш-Кууганды айылынын Ш.М. аттуу тургунуна таандык болгон. Айдоочу унаанын алдына тебеленип, окуя болгон жерден эсине келе албай каза болгон. Ал эми унаада жүргүнчү катары келе жаткан Ш.М. аттуу жаран жаракат алып, Жумгал райондук оорукананын жандандыруучу бөлүмүнө жаткырылды", - деди малымат катчы.
Эске салсак, Нарын облусунун Чаек-Кочкор унаа жолунда, тактап айтканда, Байзак айылына жакын жерде жол кырсыгы катталган.