Бишкекте 100гө жакын кишини Сириядагы куралдуу жаңжалдарга жөнөткөн эл аралык террордук топтун мүчөсү кармалды

Бишкекте 100гө жакын кишини Сириядагы куралдуу жаңжалдарга жөнөткөн эл аралык террордук топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан коопсуздукту камсыздоодо жана Сириядагы куралдуу жаңжалдарга катышууга үгүттөөчүлөрдү аныктоо иш-чараларынын алкагында 1995-жылы туулган М.Г. аттуу Кыргыз жараны кармалды.

"Иликтөө иштеринин алкагында кармалган жаран 2013-жылдан бери эл аралык террордук топтун мүчөсү экени аныкталган. Ал Сириядагы жаңжал болуп жаткан аймактарга жарандарды үгүттөө менен алектенип келген. Бул убакыт аралыгында КМШ өлкөлөрүнөн болжол менен 100гө жакын адамды Сириядагы куралдуу жаңжалдарга катышуу үчүн жөнөткөн. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран тергөө абагына киргизилди. Тергөө амалдары улантылууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
ma2as
2018-09-27 11:48:53
Кунону мойнуна илсе да эби менен илбейби . 23 жаштагы бала ошондой 100 адам жоноткудой динчил-оратор беле жээ акчасы ашкан бизнесмен болсо бир жон . 4 - 5 адам десе ишенет элем .
-3
Frunze2
2018-09-27 11:53:45
ma2as, Террористтердин кары-жашы жок. Жапжаш балдар азгырылып журот. Бул жигит радикал фанат болсо, 100 эмес андан кобун да жоното алат.....
0
ma2as
2018-09-27 12:18:31
Frunze2, Менин оюму тушунгон жоксун . Бул жерде супер кг туура эмес чагылдырып атат маалыматты или УКМК туура эмес берди . - 100 адамды жонотконго комоктошту десе болмок . Кантип 23 жаштагы бала 100 адамды угуттоп жоното алат - угуттогон башка нерсе 1000 адамга да айта бересин, кондуруп- жоноткон нерсе башка . Андай болуш учун ал Чоон мечиттин аалымы жээ Медересенин жетекчиси болуш керек .
0
Frunze2
2018-09-27 13:26:50
ma2as, Чон аалым же имам болушу шарт эмес. Азыр вербовать этип, ошол жолго ишендирип жонотуп жатканы да, кетип жатканы да жаштар кобунесе. 19-30 жаш арасы... 23 жаштагы Адам жаш, наивный деп жомок айтпа. Жаштайынан ошол жолдо журсо, 20 жашка келип такшалган радикал-террорист болуп чыга келет. Миссиясы Сирияга адам жонотуу болсо, жонотот да албетте, жууну бош, акылы кемдерди ишендирип озуно тартып...
+2
KyrgyzstanBishkek
2018-09-27 11:59:37
Бизде кобу ак жерден эле камалып кетет.
-3
baihan07kenjetaev
2018-09-27 12:00:24
20жаштагы балада жиберет эгер тигил жактан каржылап акча которуп жатса, өз чөнтөгүнөн жиберип жаткансыйсыңда.
+3
Kairat1996
2018-09-27 12:12:28
Диний фанаттар ХХХХХХХХХ
+3
admin_superstan
2018-09-27 12:55:23
Kairat1996,
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынган!
0
yrmat88
2018-09-27 12:20:06
Ашынган диний фанатизм келечек учун чон коркунуч. Мечиттер менен элдин маселе чечилбейт. Биздин сакалчандар пакистан арабвиядан таасирленгендер. Эми ушул сакалчандар бугунку кундо жаштарга тарбия берип жатканы фанат жаштардын санын дагы остуробу.
+4
pat12
2018-09-27 13:26:41
Сирияга кеткендер учун бугунку диний карангылык куноолу. Биринчи кезекте молдолор куноолуу. Дин ички дуйноонун оорусун пайда кылат. Адам ар дайым жашоодо кыжалат боло берет. Себеп бул жашоо арабтар суроттогондой бейиш эмес. Жаштардын ан сезимине светтик, гуманисттик идеялогияны жайылтуу зарыл.
+2
Aikaaaa
2018-09-27 20:22:16
Ушу элдерди караңгылыктан кантип алып чыгабыз. Слишком эле берилип, фанат болушуп. Өзүлөрү аз келгенсип башкаларды да мажбурлап алышканын кантесиң, бул биздин парзыбыз деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан