Ачылып-жабылма чатыр, киберспорт аянты. "Реал Мадрид" клубунун стадиону оңдоо иштеринен кийин кандай болуп өзгөрө турганы көрсөтүлдү

Испаниялык "Реал Мадрид" клубуна таандык болгон "Сантьяго Бернабеу" стадиону оңдоп-түзөө иштеринен кийин кандай көрүнүшкө ээ боло турганын аталган клубдун расмий сайты жарыялады.

Клубдун президенти Флорентино Перестин айтымында, жаңы "Бернабеу" жер жүзүндөгү эң мыкты стадионго айланат.

Жаңыланган стадионго мурдагыдай эле 81 миң адам батат. Бирок бийиктиги 45 метрден 57 метрге чейин узарат. Ал эми орундарды кеңейтүүгө Мадрид шаарынын жетекчилиги уруксат берген эмес.

Стадиондун ичинде жайгашкан клубдук музей кеңейтилип, жанына 5 жылдыздуу мейманкана курулат. Анын айрым бөлмөлөрүнөн жүрүп жаткан оюнду көрүүгө мүмкүн болот.

Стадиондо оюн талаасынын аянты менен барабар ачылып-жабыла турган чатыр орнотулат.

"Сантьяго Бернабеунун" долбоорун көрсөткөн расмий видеодо 2 киберспорттук команданы көрүүгө болот. Демек, мадриддик клубдун стадионунда киберспорттук аянт пайда болот.

Стадион менен кошо анын айланасы да бир топ өзгөрөт. Ага жакын жайгашкан 6 миң чарчы метр аянтты түзгөн соода борбору сүрдүрүлүп, ордуна сейил бак курулат.

Реконструкциялоо чечими 2017-жылы чыккан. Буга чейин долбоор жактырылып, каржы жаатындагы маселелер жөнгө салынды. 2019-жылдын башында оңдоо иштери старт алат.

Жалпы чыгым болжол менен 614 миллион долларды түзөт. Бирок жаңы стадион жыл сайын 175 миллион доллар киреше алып келет.

Жаңылоо иштери араб инвесторлорунун жардамы менен курулат. Муну менен катар стадиондун аталышы өзгөрүп, демөөрчүнүн компаниясынын аты коюлат деген кептер тараган. Ал эми "Реал Мадриддин" президентинин айтуусунда, стадион өз аталышын сактап калат.

"Реал Мадрид" клубунун жаңыланган стадионунун көрүнүшү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tyty1990
2018-09-27 20:37:15
Өркүндөй берсин Реал Мадрид
+4
Syimyk.isaev
2018-09-27 22:02:15
Алга Реал Мадрит! Көздү күйдүрөткө чиркин.
+2
CHOTON_86
2018-09-27 22:17:25
Мынча акчага биздин жеп жутарлар ТЕЦтин жырымын эптеп курмак....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан