"Акжол-автожол" чек ара пунктунан унаанын отургучтарынын арасына жашынып Казакстанга өтүүгө аракет кылган Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат менен камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 26-сентябрда Кыргыз өлкөсүнүн 44 жаштагы Р.Ш. аттуу жараны Toyota Estima үлгүсүндөгү унаа менен көзөмөл жайынан өтүүгө келген. Чек ара нөөмөткери автотранспортту текшерүү маалында унаанын арткы отургучунун астында жуурканга жашынып жаткан белгисиз жаранды тапкан.
Териштирүүдө ал 33 жаштагы С.К. аттуу Кыргыз жараны экени аныкталып, тиешелүү органдар тарабынан өлкөдөн чыгууга чектөө коюлган. Ошондой эле кармалган С.К. шарттуу түрдө соттолгондуктан, такси айдаган Р.Ш. аттуу айдоочу менен алдын ала акча берип макулдашып, Казакстанга өтүүгө аракет кылган.
Чек арачылар эки жаранды тең кармап, тиешелүү документтер толтурулган соң укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.