Криштиану Роналду Чемпиондор Лигасынын алкагында Швейцариянын "Янг Бойз" клубу менен боло турган оюнга катыша албайт. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайтына жарыяланды.
Буга Роналдунун "Валенсия" клубуна каршы оюнда кызыл кагаз алганы себеп болгон. Эрежеге ылайык, кызыл кагаз алган оюнчунун жүрүм-туруму УЕФАнын калыстар комитети тарабынан каралган соң, ага кошумча жаза колдонулуп, бир нече жолку оюндан четтетилиши мүмкүн. Эгерде кошумча жаза колдонулбаса, кызыл айып кагазын алган оюнчу кийинки бир жолку оюндан четтетилет. Ал эми Роналдуга кошумча жаза колдонбоо тууралуу чечим чыккан. Буга байланыштуу оюнчу болгону бир оюнга катыша албайт.