Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери каналга агып кеткен аялды куткарып калышты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
"Бүгүн, 27-сентябрда таңкы саат 05:00 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бѳлүмүнүн кызматкерлери чакыруудан кайтып келе жатып, А.Масалиев кең көчөсүнүн боюнда шар аккан каналды бойлоп келе жаткан кыздын карааны заматта көрүнбөй калганын байкап калышкан. Унааны токтотуп, кол чырактын жардамы менен сууга көз салышып, бир аялдын каналда агып баратканын көрүшкөн. Алар аялдын артынан сууга секирип, аны аман алып чыгышты. Аял дароо "Тез жардам" кызматынын жардамында Ош шаардык ооруканасына жеткирилген", - дейт басма сөз катчы.
Ошондой эле учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын кошумчалап, аял кокустукка кабылышы же суицидке барышы мүмкүн деген версиялар каралып жаткандыгын айтты.