Боом капчыгайындагы жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза болду. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 4-июлда болжол менен саат 16:10до болгон. Субару үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унааны башкара албай калып, натыйжада ал жолдон чыгып, аңтарылып кеткен. Кырсык болгон унаадан куткаруучулар 1963-жылы туулган Ө. Дүйшөнбиевдин, 1964-жылы туулган Б. Мамытовдун жана дагы бир жарандын жансыз денесин алып чыгышкан. Үчүнчү жарандын өздүгү учурда такталууда.