2024-жылкы футбол боюнча Европа чемпиондугу Германияда өтөт

Кечээ, 27-сентябрда УЕФА 2024-жылы Европа чемпиондугу өтө турган мамлекетти тандады. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты маалымдайт.

Европа чемпиондугун өткөрүү үчүн Германия менен Түркия ат салышкан. Мелдештин ээсин УЕФАнын аткаруу комитетинин мүчөлөрү тандады. Добуш берүүнүн жыйынтыгында комитеттин мүчөлөрү Германияга 12 добуш берип, ал жеңүүчү аталды. Түркия 4 добушка ээ болду.

Буга чейин Германия 3 ири эл аралык мелдеш өткөргөн. Алардын ичинде 2 Дүйнө чемпиондугу, анан 1 Европа чемпиондугу бар.

Эми 2024-жылы өтчү Европа чемпиондугу Германиянын 10 шаарында өтөт. Алар Берлин, Мюнхен, Дортмунд, Гельзенкирхен, Штутгарт, Гамбург, Дюссельдорф, Кельн, Лейпциг жана Франкфурте-на-Майне шаарлары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
warcaw
2018-09-28 10:08:55
Туркияда өтсө жакшы болмок
-1
murat17
2018-09-28 12:21:25
жакшы алга Германия
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан