Ошто чет элдик студентти сабап, анын 7 миң доллар акчасын карактап кеткендер Бишкек шаарынан изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда SUPER.KG порталына күч органдарындагы ишенимдүү булактар билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 25-сентябрь күнү саат 10:30 чамасында Ош шаарында орун алган. Анда медициналык факультеттин 1992-жылы туулган Чаухан Б. аттуу студенти окуу акысын төлөө үчүн бир нече студенттин акчасын банктардын биринен алып, кетип бараткан. Банктын унаа токтотуучу жайынан өздөрүн милиция кызматкери катары тааныштырган белгисиз адамдар анын паспортун талап кылып, унаага отургузушкан. Кийин студент эс-учу жок абалда талаада ойгонгону маалым болгон.
Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери улантылып, кылмышка шектүүлөр Ош шаарында жана борбор калаада да изделип жатканы айтылды.
Белгилүү болгондой, жабырлануучу Ош шаарындагы эл аралык медицина факультетин аяктаган. Учурда 2 жылдык ординатурадан өтүп жаткан.