Кара-Сууда милициядан качып, автоматчан жүргөн кылмышкер 1 аптадан бери колго түшүрүлө элек. Ал тууралуу багыттык маалымат өлкө аймагы боюнча таратылды

Ош облусунун Кара-Суу районунда милициядан качып, "жүгөрү талаасына жашынган" делген автоматчан кылмышкерди издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда SUPER.KG порталына облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

"Кылмышкер кармала элек, учурда издөө иштери улантылууда. Кылмышкер тууралуу багыттык маалымат өлкө аймагы боюнча таратылды", - деп билдиришти облустук милициядан.

Эске салсак, 20-сентябрда саат 14:00 чамасында милицияга "издөөдө жүргөн Жылдызбек Бекмурзаевди Кара-Суудагы кафелердин биринен көрдүк" деген билдирүү түшкөн. Аталган аймакка милиция кызматкерлери барганда издөөдө жүргөн кылмышкер автоматтан ок чыгарам деп коркутуп изин суутуп кеткен.

Жылдызбек Бекмурзаев өткөн жылы чек араны мыйзамсыз кесип өттү делип Казакстандын аймагынан кармалган. Чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү үчүн сот Бекмурзаевди 6 айга эркинен ажыраткан, бирок ал камактан качып кеткен. Казакстандын укук коргоо органдары ага издөө жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
aibars
2018-09-28 10:48:12
Бир жыл отсо дагы кармай албайсынар, кудай сактасын бир коркунучтуу террорист кирип кетсе эмне болот билбейм.
+6
aibars
2018-09-28 10:49:31
Дрон койо бергиле же даярдыктан откон иттерди жоноткуло, же ар тарабынан курчап аралап болсо дагы тапкылада.
+2
gaibilla
2018-09-28 10:52:36
Мен тушунбодум, бул баланын куноосу эмне экен? Мыйзамсыз откон болсо эскертуу берип эле бошотуп жиберсинда, же озу менен кошо бирдеме алып отуптурбу?
+4
amirrus
2018-09-28 12:14:14
ИИМди ИТ кылды го бул бала, террорист кирсе омуру кармай албайт бул иши менен биздин милициялар
+3
BoDiNur
2018-09-28 21:00:55
Милиция бир жигитти кармай алышпаса кимге ишенип ким коргойт биздин
0
Tyty1990
2018-09-29 08:11:11
Жүгөрүнүн ичинде менттер менен карта ойноп отурушпайбы деги
+1
Yago.limon
2018-09-29 10:28:25
Атына эле милиция болуп калышты окшойт,же аларды эл сыйлабайт,же ишине алар так эмес (((
0
Koichuman
2018-09-29 11:45:32
Кыргыздын Джеймс Бонду болот бул адам куралы жок деле ок чыгарам десе,жани ширин немелер кетиргенибиз он анда дешкенго.
0
Zanzibara
2018-09-29 11:58:39
Чек арада террористтердин паспортуна кирди чыкты деп печать басып олтурган погричниктер кармалыптыр го. Бул жигит деле ошондой погричниктер менен тил табышып алып чет жака чыгып кетти да. Посттогу пограндын жыртык тешигине чейин видео орнотуп кадрларды тазаламай сайын мындай концерт далай болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан