Өлкө боюнча бир сутканын ичинде 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Чүй облусунда 1, Ош облусунда 4, Ош шаарында 2, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.
Баткен районуна караштуу Кара-Булак айыл аймагында өрт кырсыгы катталды. Анда айыл-чарба тилкесинде жайгашкан асфальт чыгаруучу заводдо 2 жарым тонна асфальт жана 3 тонна кара чайыр (битум) күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.